• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мандатын тапшырган Сулайманов интернетте тараган аудио тууралуу түшүндүрмө берди

23 Бирдин айы 202616:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырганы тууралуу 23-февралда фейсбуктагы баракчасында түшүндүрмө берди.

«Акыркы күндөрү, өзгөчө ыйык Орозо айында, социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, эки жаат болуп талаш-тартыштар жаралганын көрдүм. Мен үчүн эң башкысы — элдин ынтымагы жана мамлекеттин тынчтыгы. Мандат менин абийиримден, беделимден жана элдин биримдигинен жогору турбайт. Коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотууну туура көрдүм.

Интернетте тарап жаткан айрым видеолор боюнча да так айта кетем: ал бала менен жеке тааныштыгым жок. Мага эч кандай басым же мажбурлоо болгон эмес. Тескерисинче, анын жетекчилери тарабынан кысым болуп жатканын укканда, маселени тынч жол менен чечүү керектигин, катуу уруш-талашка барбоону айткам. Бул чечимди сыноо катары кабыл албайм. Аны саясатташтырбооңуздарды өтүнөм. Менден кийин депутаттык кызматты аркалай турган талапкерге ийгиликтерди каалайм. Мени шайлаган округумдагы шайлоочуларыма, шайлоо өнөктүгүндө колдоо көрсөткөн тарапташтарыма терең ыраазычылык билдирем жана баарыңыздардан кечирим сурайм», — деген ал.

Эске салсак, буга чейин интернетте эки кишинин сүйлөшкөнү жаздырылган аудио тараган. Ал Кундузбек Сулайманов менен “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Курсантбек Өмүрбековдун сүйлөшүүсү экени айтылган.

Ал эми 23-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Кундузбек Сулаймановдун мандатын өз арызынын негизинде жокко чыгарды.

Количество просмотров: 390