Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов камактан чыгарылды. Чечимди Ленин райондук соту кабыл алган. Ал өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен коё берилген.
УКМК Сулаймановду жана эки курулуш компаниясынын жетекчисин Камбар-Ата ГЭС-1дин даярдык этабындагы мыйзам бузуулар боюнча кармаганын билдирген.