• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Марипов менен Кадыркуловдун талапкерлиги элчилик кызматка каралууда

24 Үчтүн айы 2022 16:11 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун талапкерлиги Кыргызстандын Сауд Арабиядагы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги Украинадагы элчи кызматына сунушталып жатат. Алардын талапкерлиги бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралууда.

Эске салсак, Улукбек Марипов 2021-жылдын февраль айынан октябрга чейин өкмөттү жетектеген.

Ал эми УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.

Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматын Жусупбек Шарипов аркалап жатат.

Количество просмотров: 121