Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Байсалов Эдил Жолдубаевич Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Ошол эле жарлык менен ал Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.
Чечим Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынган.
Буга чейин Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан кетерин билдирген.
Ал бул кызматта 2021-жылдын октябрынан бери иштеп келген. Дайындалганга чейин Улуу Британияда элчи болуп эмгектенген.