Бишкек.10.01.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңеш депутаты Искендер Матраимов вице-премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Санжар Муканбетовдун талапкерлигин кароодо өкмөттүн кадрдык саясатын сынга алды.
“Кызматка көрсөтүлүп жатканда ким чечет? Коллегия чечеби же өкмөт башчы өзү чечеби?”,-деген суроо койду Матраимов.
Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматка көрсөтүү өкмөт башчынын демилгеси деп жооп берди.
Искендер Матраимов кызматка келип жаткан вице-премьер-министрлерге ичи чыкпай жатканын айтып, кызматтан кеткен Дүйшөнбек Зилалиевди мисал келтирди.
“Эки ай мурун Зилалиевди айга-күнгө теңеп алып келдиңер эле, ал эки айда отуруп берди. Силер элге кызмат кылгыдай келгиле же бир адамга кызмат кылгыдай болуп келгиле. Деги эле сиз канча айга келдиңиз?”,-деп суроо берди Муканбетовго.
Муканбетовго берилген суроого биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев “көпкө чейин келдим, иштейбиз”-деп айт деп шыбырап турду.