• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Матраимовдор журналисттерден өндүрүлгөн акчаны балдар үйүнө берет

13 Бештин айы 201913:36 Бишкек Govori.TV

Матраимовдор журналисттерден өндүрүлгөн акчаны балдар үйүнө берет. Бул тууралуу алардын жактоочусу Татьяна Карыжинская бүгүн, 13-декабрда маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Доо арыз боюнча 60 миллион сом өндүрүлсө, Матраимовдор акчаны балдар үйүнө беребиз деп айтышты»,-деди жактоочу.

Ал эми Матраимовдордун бул сөзү журналисттердин күлкүсүн келтирди.

Эске салсак, Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Количество просмотров: 1514