• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Энергетика тармагындагы коррупция боюнча “МедиаХаб” журналисттик иликтөө жүргүздү

12 Чын куран 2022 16:47 Бишкек Govori.TV

Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фонду энергетика тармагындагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөө жарыялап, эки күмөндүү схеманы аныкташты.

Иликтөөдө айтылгандай, электр энергиясына жалпы 35 млн сом карызы бар деп жазылган Чүйдөгү 827 абонент тууралуу документ журналисттердин колуна тийген. Иликтөөчүлөр бул карыздардан күмөн санап тизмедеги даректердин 50дөн ашуунун кыдырып, текшерүүгө жетишкен. Анда кеминде 27 даректе эч ким жашабаганын, айрымдары эбак урап калганын же фундаменти гана калганын аныкташкан.

Иликтөөдө айтылган экинчи күмөндүү схема абоненттердин төлөмдөрүндөгү айырма боюнча. Талас облусундагы электр колдонуучулар банк аркылуу “Түндүкэлектрге” которгон төлөмдүн жарымы “Түндүкэлектрдин” ички базасынан жок болуп кеткен.

Количество просмотров: 105