• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Медреседе уулангандардын саны 58ге жетти

22 Кулжа 202612:28 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы медреседе тамакка ууланганын айтып, ооруканага кайрылган адамдардын саны 58ге жетти. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 23 адам ооруканага жаткырылды, калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген.

Окуучулары ууланган медресени Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору убактылуу жаап, жалпы 41 миң сом айып салды.

Количество просмотров: 26