• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

«Мегакомду» Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды

11 Тогуздун айы 2023 21:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-октябрда “Альфа Телеком” ишканасы («Мегаком», азыркы «MЕГА» мобилдик байланыш компаниясын) аукциондун жыйынтыгы менен 14 млрд 800 млн сомго сатылганы маалым болду.

Компаниянын 100% акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алганы тууралуу маалымат http://auctionetp.gov.kg сайтына жарыяланды.

«Мегакомду» сатуу боюнча электрондук аукцион буга чейин бир нече жолу жылып келген. Ал эми Мамлекеттик мүлк фонду муну аукционго катышууга арыз түшпөгөнү менен түшүндүргөн.

Эске салсак, “Мегакомду” Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 14,6 миллиард сомго баалап, 4-июлда сатыкка чыгарган. 

Количество просмотров: 161