• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

«Мегакомдун» мурдагы жетекчиси акча төлөп абактан чыкты

2 Баш оона 2023 14:07 Бишкек Govori.TV

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов үй камагына чыкты. Маалыматты Govori.TVга райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

2023-жылдын 31-июлундагы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен, Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнмөсү канааттандырылган. Айыпталуучу Азат Базаркуловго карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

«Келтирилген өтүнмөгө ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар П.М.А., Д.Б.Б. жана Б.А.Т. тарабынан 6 709 949 сомду түзгөн келтирилген материалдык зыян толугу менен УКМКнын депозиттик эсебине которулган»,-деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, “Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору Азат Базаркулов КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмышты жасоого шектелип кармалган.

Количество просмотров: 97