• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Мекен» ноутбугу канча сом?

9 Аяк оона 202411:56 Бишкек Govori.TV

«Кыргызэлектроника» ата мекендик өндүрүштөгү «Мекен» аталышындагы ноутбуктарды сатууну көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик компаниянын директору Илья Черный Биринчи радиодо билдирди.

«Нутбукта  Intel Core i5 процессору бар, ал окууга жана иштөөгө жалпы колдонуучунун тапшырмаларын аткарууга ылайыкталган, башкача айтканда оюн үчүн эмес. Ноутбук көптөгөн тапшырмаларды көтөрө алат. Мындан тышкары лицензияланган операциялык Windows системасы бар», — деди ал.

Ноутбуктун чекене баасы 35 миң сомду түзөт.

Ал кошумчалагандай, университеттер жана жеке мектептер ноутбуктарды сатып алууда, бирок аз өлчөмдө. Келечекте экспортко чыгуу пландалууда.

Количество просмотров: 163