• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мектеп окуучуларынын формасы кандай болот? Министрликтин жообу

15 Баш оона 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ.

«Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, бул жылы Билим берүү жана илим министрлиги башка министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте мектеп окуучулардын бирдиктүү формасы жөнүндө чечим кабыл алат.

Количество просмотров: 7162