• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Meta корпорациясы 11 миң кызматкерин кыскартат

10 Жетинин айы 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta корпорациясы 11 миңден ашык жумуш ордун кыскартат. Бул тууралуу анын жетекчиси Марк Цукерберг шаршемби күнү кызматкерлерге жолдогон катында билдирди.

Бул компаниянын тарыхында биринчи жолу жумушка кабыл алуу токтоп калгандан кийинки алгачкы чоң кыскартуу. Сөз штаттагы кызматкерлердин 13% жөнүндө болууда.

Цукерберг жумуштан бошотулган кызматкерлерге үч жарым айлык маянасын төлөп бермекчи. Андан тышкары, иштеген ар бир жылынын бир апталык эмгек акысына барабар кенемте төлөөгө убада бергенин CNBC жазды.

Октябрда корпорациянын акциялары 20% арзандаган. Анын алдында кирешенин азайганы жана чыгашанын дээрлик 20% көбөйгөнү тууралуу кварталдык маалыматтар жарыяланган.

Цукерберг коронавирус пандемиясында онлайн технологияга суроо-талапты ашыкча баалап, инвестицияны көбөйткөнүн айтууда. Ал экономикадагы төмөндөө жана жарнамалык бюджеттин кыскарганын да белгиледи.

2022-жылдын башынан бери Meta акциялары 70% ашык арзандады. Компания өзүнүн тарыхында биринчи жолу Facebook колдонуучуларынын саны кыскарганын билдирди.

VC.ru басылмасы кызматкерлерди кыскартуу башка көптөгөн технологиялык компанияларда да жүрүп жатканын жазды. Маселен, Твиттерди сатып алгандан соң Илон Маск кызматкерлеринин 50% жумуштан кетирген. Аталган бизнес басылмасынын кабарлашынча, кийин компания жаңы эле иштен бошотулган айрым адистерди кайра чакырган.

Количество просмотров: 78