• Жекшемби 29 Үчтүн айы 2023
  • Воскресенье 29 Январь 2023

ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселеси каралууда

15 ноября 2019 в 9:21 Бишкек Govori.TV

Өкмөт мамлекеттик ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселесин кароодо. Максат – бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы бюджеттин долбоорун кароо учурунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Мамлекеттик басылмалардын чыгымдарын азайтуу сунушу менен депутат Дастан Бекешов кайрылган.

— Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 миллионду «Пирамидага», «5-каналга» берип атасыңар. Кийинки жылда 10,5 миллион доллар кетет экен. Ошонун ичинде «Кабар» агенттигине 22 миллион сом, «ЭлТР», «МИР» телеканалдарына 552 миллион сом, журнал-гезиттерге жана коомдук телеканалдарга 80 миллион сом жумшалат экен. Кыскартпайсыңарбы, ушуну!

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул кыскартылгандан кийинкиси экенин, облустагы гезит-телеканалдар оптималдаштырылып, медиа-борбор катары түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, «Кабар», «5-канал» жана башка мамлекеттик ММКларды бир корпорация катары түзүү каралууда.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов июль айында мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотуу ниетинде экенин айткан.

Количество просмотров: 57