• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Миңдей киши жумушсуз калды». Кинотеатр ээлери бийликке кайрылды

29 Баш оона 2020 1:46 Бишкек Govori.TV

Борбор калаадагы кинотеатр ээлери 2-сентябрдан тарта иштөөгө уруксат берүүнү бийликтен суранышууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин сайтында маалымдалат.

Анда кинотеатр ээлеринин премьер-министр Кубатбек Бороновго, экономика министри Санжар Муканбетовго, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Бишкек мэри Азиз Суракматовго жасаган кайрылуусу жарыяланган.

Март айындагы карантиндик чектөөлөргө чейин эле жумуштарыбыз токтогон. Бул биздин тармактагы бизнеске жана андагы кызматкерлердин жашоо-турмушуна кыйынчылык жаратып, миңдей киши жумушсуз калды. Кинотеатр ээлеринин көпчүлүгү карантин убагында да токтотулбаган насыялары үчүн пайыздарды төлөп келишет. Анын үстүнө жабык кинотеатрлар дагы деле техникалык тейлөөгө муктаж, бул кошумча чыгымдарды талапкылат»,-деп айтылат маалыматта.

Кино бизнесинин өкүлдөрү көпчүлүк өлкөлөрдө кинотеатрлардын иши жанданганын жүйө кылып, күз айларында бир нече тасмалардын бет ачары боло тургандыгын айтышкан.

Кинотеатр ээлери коопсуздук жана санитардык чаралар сакталат деп ишендиришүүдө.

Количество просмотров: 131