• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Министр Бейшеналиевдин тарапташтары пикетке чыкты

20 Бугу 202215:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-майда Бишкекте Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон акция өтүп жатат.

Министрликтин имаратынын алдына чогулгандар министрдин үч орун басарын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Эске салсак, 16-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана айрым башкармалыктардын жетекчилери министрдин кызматтан кетишин талап кылып, маалымат жыйын өткөрүшкөн. Эртеси Бейшеналиевдин жүргүзүп жаткан реформаларын колдогондор митингге чыккан.

Количество просмотров: 335