Парламенттин Социалдык саясат боюнча жыйынында депутат Камила Талиева мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандары боюнча комментарий берип, сын пикирин айтты.
Эл өкүлү парламенттик фракциянын буга чейинки отурумун эске салып, анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы депутат Айсара Абдибаеванын суроосуна жооп берип жатып, өзүн өтө туура эмес алып жүргөн.