• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр Сыргабаев Пекинде глобалдык форумга катышууда

25 Аяк оона 202414:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Пекин шаарында өтүп жаткан Туруктуу транспорт боюнча глобалдык форумга катышууда.

Жыйынга мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү, эл аралык, аймактык уюмдардын жетекчилери, ири компаниялардын өкүлдөрү келген.

Форумдун жүрүшүндө аз көмүртек чыгаруучу, энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык таза транспорт системаларын өнүктүрүү жолдорун изилдөө, транспорттук жана логистикалык кызматтарды өнүктүрүү, жеткирүү чынжырын түзүү маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 94