• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр: Жакын арада «Алтын тамганы» алып салабыз

17 Бирдин айы 202516:19 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын тамга» системасын жоюуну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн ЖК комитетинин жыйынында Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Жакын арада «Алтын тамганы» алып салабыз. Ал бир жакка өтүүгө жардам бербейт. Кызыл аттестат жана Жалпы республикалык тестирлөө калат”, — деди министр.

Аталган тест 2011-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, окуучулардын сабактарды канчалык өздөштүргөнүн баалап келген. Тестке бардык сабактардан «5» алган 10-11-класстын окуучулары катышат.

Количество просмотров: 702