• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министрлер кабинетинин башчысы да жеке учак менен жүрөт

6 Бештин айы 2022 15:14 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да жеке учак менен жүрөт. Бул тууралуу Темиров Live каналынын иликтөөсүндө айтылат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун жеке учактары менен учуусу 140 миллион сомду түзгөнүн билдирген. Ошол эле учурда мамлекет башчынын басма сөз кызматы бул каттамдардын көбү бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жабылганын же жалпысынан бекер болгонун белгиледи.

Эске салсак, Садыр Жапаров Астанага Embraer Legacy 600 учагы менен учуп келгенин журналисттер аныкташкан. Ушул эле учак 2022-жылдын 27-ноябрында Грузиядан Бишкекке учуп, эки күндөн кийин Япониянын борбору Токиого учуп кеткен. Темиров Live каналынын маалыматына караганда, Акылбек Жапаровдун 18 сааттык учуусу дээрлик 10 миллион сомго чукулдап кеткен.

Количество просмотров: 1637