• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрлик: 1-класстар үчүн кошумча каникул берилди

15 Бирдин айы 2021 10:40 Бишкек Govori.TV

Биринчи класстар үчүн кошумча каникулдун датасын ар бир регион өзү белгилейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-июнунда 2020-2021-окуу жылына карата Базистик окуу планы (БОП) кабыл алынган.

БОПтун түшүндүрмө катында каникулдардын графиги белгиленген. Ага ылайык, окуу жылынын ичиндеги эс алуу күндөрүнүн саны 30 календардык күндөн аз болбошу керек (эгер эс алуу күнү майрам күнүнө туура келсе, бул дагы эске алынат):

Күзгү каникулдар: 8 күн;
Кышкы каникулдар: 12 күн;
Жазгы каникулдар: 10 күн.
Биринчи класстардын коомго аралашуусу бираз оор болгонун эске алып, аларга 3-чейректе кошумча бир жума каникул берилет.

Кошумча каникулдун даталарын жергиликтүү, регионалдык билим берүүнү башкаруу органадары белгилейт.

Количество просмотров: 325