• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Минсктеги башаламандыкта бир адам каза болду

11 Баш оона 2020 11:54 Бишкек Govori.TV

Беларустун борбору Минск шаарында шайлоодон кийин башталган массалык акциясында бир адам каза болду. Бул тууралуу Беларустун укук коргоо борбору билдиргенин РИА Новости жазды. 

Маалыматка ылайык, 10-август күнү саат 23.00дөрдө аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумганан.

Ал эми Укук коргоочулардын маалыматына караганда,  ОМОН демонстранттарды кулак тундуруучу гранта менен аткылаган. Ооруканаларга ондогон жарандар жарадар болуп түшкөн. 213 демонстрант күч түзүмдөрү тарабынан кармалган. Нааразылык акциялары таңга жуук токтогон.

Эске салсак, толкуган эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда Александр Лукашенко 80,23%, анын башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% добуш алган. Жыйынтыгында азыркы президент Александр Лукашенко дагы 5 жылга өлкө башчысы болуп шайланган.

Количество просмотров: 57