• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курманбек Бакиев Минск жана Жалал-Абадда ооз ачар өткөрдү

25 Жалган куран 202513:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиев Минск жана Жалал-Абад шаарларында ооз ачар (ифтар) уюштурган. Бул тууралуу Аскаттейит Нурудунов аттуу соцтармак колдонуучусу фейсбук баракчасына жарыялады.

Нурудунов жарыялаган видеолордун биринде Бакиев Минскидеги мечитте жергиликтүү мусулмандар үчүн ооз ачтыруу өткөргөнү көрсөтүлгөн. Экинчи видео Жалал-Абаддагы “Кыргызстан” ресторанында тартылган.

Ошондой эле ал Бакиевдин март революциясынын 20 жылдыгына байланыштуу жасаган кайрылуусун да жарыялаган.

Анын кайрылуусунда март окуялары элдин адилетсиз бийликке каршы нааразылыгы болгонун белгилеп, бул датанын Нооруз жана Рамазан айы менен дал келиши анын өзгөчө маанилүү экенин айткан.

«Быйылкы рамазан айында, мен азыркы жашаган жерим Минскидеги мечитке момун мусулмандарды топтоп ооз ачырлык кылып зыярат өткөрдүм. Ошондой эле ооз ачарлык туулган жерим Жалал Абадда да өткөрүп элдин батасын алдым. Өзүм сыртта жүргөнүмө байланыштуу өлкөнүн баардык региондорунда өткөргөнгө шарт болбой калды. Кудай буюрса андай күндөр да болуп калаар. Мен сыртта болсом да жүрөгүм, тилегим, оюм силер менен бирге ооз ачуу, урматтуу бир боорлорум», — деп жазылат Бакиевдин кайрылуусунда.

Акыркы убакта анын Кыргызстанга кайтып келиши тууралуу талкуулар күчөп, президент Садыр Жапаров 11-мартта Минск аны өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Количество просмотров: 241