Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы парламент вице-спикерликке талапкер көрсөтөт. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда бул орунга депутат Мирлан Бакировдун талапкерлиги каралууда.
Буга чейин вице-спикерликке “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Курманкул Зулушев менен “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышановдун талапкерлиги каралып жатканы кабарланган.
Шаршембиде буга чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова кызматынан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган эле.