• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мирзиёев 75 кишиге ырайым берди

22 Жалган куран 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нооруз майрамынын алдында «жасаган ишине өкүнгөн жана оңолуу жолуна түшкөн» ондогон кишиге ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, 75 кишиге ырайым берилген. Алардын төртөө жазасын толук өтөгөнү, 53ү шарттуу түрдө бошотулганы, экөөнүн жазасы жумшартылганы айтылат. Мындан тышкары 16 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылды.

Мунапыска илингендердин арасында 18 чет өлкөлүк жаран, 17 аял, жашы 60тан жогору 15 эркек, майыптыгы бар 6 адам жана тыюу салынган уюмдардын ишине катышкан 9 киши бар.

Эске салсак, быйыл 31-январда Өзбекстанда 63 кишиге ырайым берилген.

Количество просмотров: 81