• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мирзиёев Мекке жана Медина шаарларына барат

15 Баш оона 2022 16:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17-18-август күндөрү мамлекеттик сапар менен Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов 15-августта билдирди.

Анын айтымында, Мирзиёев Сауд Арбиясына бул өлкөнүн падышасы Салман бен Абдел-Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен барат.

Сапардын программасына ылайык, эки өлкөнүн башчылары Өзбекстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулайт.

«Сапардын жүрүшүндө «жашыл экономика», жогорку технологиялар, санариптештирүү, инновация жана ишкерлик тармактары боюнча эки тараптуу документтер топтомуна кол коюлат деп күтүлүүдө», – деди Асадов.

Кошумчалангандай, Мирзиёев Сауд Арабиясына болгон сапарынын алкагында Мекке жана Медина шаарларына да барат.

Өткөн айда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Сауд Арабиясына болгон сапарында кичи ажылык (умра) зыяратын аткарган.

Количество просмотров: 160