• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мирзиёев Мунарбекке секундант болгон Акмал Хасановго жылуу пикирин билдирди

30 Баш оона 202410:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна Париж Олимпиадасында секундант болгон Акмал Хасановго ыраазычылык билдирип, машыктыруучу бул кадамы менен эки элдин достугун арттырууга көмөк көрсөткөнүн белгилеген.

Париж Олимпиадасында Мунарбек Сейитбек уулун курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу менен чогуу өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов секундант катары коштоп чыкканы чоң талкууларды жараткан. Буга себеп Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин Олимпиадага барбай калганы болгон.

Количество просмотров: 92