Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу көркөм тасма үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын фейсбук баракчасына жарыяланды.
«Кыргызстандын атынан 2024-жылы Олимпиадага Бокс багыты боюнча жолдомо алган Кыргызстандык жалгыз мушкер, эң жеңил салмак категориясы боюнча Олимпиада оюндарында күмүш байгесинин ээси — Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу хронометражы 90 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасмасынын СИНОПСИСи үчүн сынак жарыялайт. Тасма, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын биргелешип тарта туруучу алгачкы кинодолбоор. Мындан улам СИНОПСИС сынагынын жеңүүчүсү үч тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен аныкталат. Сынак жарыяланган күндөн баштап, синопсис жазууга 45 күн берилет (2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 30-январына чейин)», — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу кыргыз боксунун тарыхында биринчи жолу Олимпиадага жолдомо уткан мушкер. Ал Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын финалга чыгып, күмүш байгеге татыган.