• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапары жылдырылды

8 Бештин айы 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапары жылдырылды. Бул тууралуу Govori.TVга Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечим Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

КР Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, Өзбекстандын президентинин сапарынын мөөнөтү гана жылдырылды. Визит 2022-жылдын аягына чейин ЖЕЭК жыйынынан өзүнчө өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери айтылган.

Количество просмотров: 112