• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды

5 Жалган куран 2021 17:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектин “Ала-Тоо” жана Турдакун Усубалиев атындагы аянтка, Эркиндик бульварына 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу sot.kg парталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту жергиликтүү бийликтин сунушун канааттандырган.

«Райондук бийлик митингдерди Максим Горький гүл багында өткөрүүгө уруксат берди»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Биринчи май райондук администрациясы шаарда ар жекшемби сайын өткөрүлгөн митингдер жашоочуларын «тынчтыгын бузууда» деп сотко кайрылган.

Количество просмотров: 255