• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Митингчилер Алматыдагы аэропортту ээлегени кабарланууда

5 Үчтүн айы 202221:01 Бишкек Govori.TV

Демонстранттардын тобу Алматы шаарындагы аэропортту ээлеп алганын Телеграмдагы Orda_kz каналы күбөлөргө шилтеме кылып кабарлады. Азырынча бул маалыматты көз карандысыз булактар же бийлик өкүлдөрү ырасташа элек.

Беларустагы демонстрацияларды чагылдырып жүргөн Nexta-Live «Телеграм-каналы» митинчилер аэропорту ээлеп алганын аба майдандын коопсуздук кызматы бышыктаганын, бүгүнкү аба каттамдары аткарылбай турганын билдирди.

Мунун алдында Би-Би-Синин орус кызматы ондогон митингчилер Алматынын аэропортуна багыт алганын орусиялык журналисттерге шилтеме кылып жазган.

Орусиялык TACC агенттиги болсо “Аэрофлот” авиакомпаниясы шаршембинин кечине белгиленген Москва — Алматы каттамын токтотконун маалымдаган.

Количество просмотров: 321