Кара-Суу районунда жарадар болгон ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу атышуу боюнча айтып берди. Анын видеосу социалдык тармакка жайгаштырылган.
Жабырлануучунун айтымында Оштогу Дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевге карата доосу жок, ал тапанчаны карап олтуруп өзүн атып алган.
«Кылыч экөөбүз мурдатан таанышпыз жана жакшы мамилебиз бар. Мен кокустук болуп бутумду атып алдым, ал окуяны бурмалап жатышат. Биз тууралуу болуп жаткан сөздөр чындыкка дал келбейт», — деди ал.
Эске салсак, Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышууда ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу бутка ок жеген.