• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Молдокматов: Токаевдин суранычы казак элинин көз жашынан бийик турбашы керек‎

7 Үчтүн айы 2022 9:24 Бишкек Govori.TV

«‎Токаевдин суранычы казак элинин көз жашынан бийик турбашы керек!»‎, бул тууралуу саясий туткун «Turan» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

«Көп жоготуу болду. Кыргыз — Казак бир дарактын тамырындай эл! Жанаозендеги элдин бийликке нааразычылыгы баардык казакты көчөгө чыгарды. Бийлик элди унутуп, элден алыстап кеткенде эл сөзсүз көтөрүлөт. Н.Назарбаев менен К.Токаевдин өз элин бөтөндүн алдына чөгөлөтүп, бийлигин сактап калуу далалатын казак эли кечирбейт! КР ЖККУга (ОДКБ) киргенибизге 10 жылдай болду. Кыргыз-Казак туугандык мамилебиз кылымдык. Бийлик алмашат, эл калат. Эки элдин ортосуна эч качан ыркын бузчу кадамдар болбошу керек. Жолубуз, дилибиз, динибиз, тилибиз бир! Кыргыз бийлигинин «‎ЖККУ шарттарын аткарышыбыз керек, аскер жөнөтөбүз» ‎- деген чечими ката жана терең ойлонулбаган кадам! Н.Назарбаев менен К.Токаевдин суранычы казак элинин көз жашынан бийик турбашы керек!», — деп айтылат келген билдирүүдө.

Молдокматов, Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечимдери эки бир тууган эл үчүн абдан маанилүү экендигине токтолду.

«‎Президент айтты»‎ деп аткара берсеңер эки элдин каарына каласыңар! Кыргыздар Казак боордошторго курал менен кирбесин!», — дейт Молдокматов.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптарга саясий чакырыктар кошулду. Өлкөнүн башка аймактарындагы кырдаал боюнча маалыматтар жок. Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти.

Казакстандын расмий бийлиги ондон ашык полиция кызматкери каза тапканын, миңден ашууну жаракат алганын маалымдады. Митингчилер арасында да жоготуулар бар экени тууралуу кабарлар айтылып жатат, бирок расмий бышыктала элек. Алматы полициясы буга чейин ондогон адам каза тапканын билдирген.

Бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштаганын ырастады.

Количество просмотров: 1947