Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого катышуу ниети жок экенин фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Ал 2020-жылдан бери саясаттан алыстап, жеке ишкерлик менен алектенип келерин кошумчалады. Акыркы күндөрү өзүн президенттик шайлоого катышат деген маалыматтар тарап жатканын айтып, аны каралоо катары баалаган:
“Менин президенттикке талапкерлигимди коюу ниетим жок. Анткени биз бүгүн дос катары бийлик эмес, сый талаша турган курактабыз. Ошондуктан Садыр Жапаровду колдоо жана жакын санаалаштарымды колдоого чакыруу менин милдетим. Мен үчүн элибиздин биримдиги, журтубуздун бүтүндүгү баарынан кымбат”, — деди Келдибеков.
Ошондой эле азыркы бийлик менен достук мамилеси сакталып, президент Садыр Жапаровду колдой турганын да айтты.
Буга чейин соцтармактарда Акматбек Келдибеков шайлоого аттандырышы мүмкүн деген билдирүүлөр жазылып жаткан.
Акматбек Келдибеков президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен чогуу 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата Журт» партиясынан ат салышкан.