• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Монополияга каршы агенттик: Кумшекердин баасы арзандай баштады

29 Жалган куран 2022 17:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кумшекердин баасы арзандай баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, социалдык маанилүү азыктардын, анын ичинен кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча иштер аткарылууда.

«Фрунзе» дүкөндөрүндө кумшекердин баасы 1 килограммына 60 сом, эгер 1 килограммдан көп болсо, анда ар бир килограмм үчүн 77 сомду түзөт. “Народный” жана “Глобус” өңдүү тармактык маркеттерде кумшекердин баасы эртеңден баштап арзандайт. «Кайыңды Кант» ишканасына доллардын куну түшкөнүнө жана салыктан бошотулганына байланыштуу кумшекердин дүң баасын төмөндөтүү боюнча билдирме жөнөтүлдү. Республика боюнча алып караганда, баалардын төмөндөшү байкалууда», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 525