• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Москвада тажик оппозициясынын өкүлдөрү Рахмондун сапарына каршы пикет өткөрүштү

25 Кулжа 2020 9:37 Бишкек Govori.TV

Тажик оппозициясынын Орусияда жашаган өкүлдөрү президент Эмомали Рахмондун Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышуусуна каршылык билдирип, Москванын борборунда пикет өткөрүштү.

«Группа-24» деп аталган оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Рахмонго каршы ураандарды кыйкырып, көчөдөгү адамдарга кагаздарды таратышты.

Кыймылдын мүчөсү Нуриддин Ризои пикет өткөрүүгө Москванын бийлигинен уруксат алышканын билдирди. «Бирок буга карабастан, укук коргоо кызматкерлери активисттерди кармап, полиция бөлүмүнө алып кетишти. Алар эч кандай мыйзамсыз иштерди жасаган эмес, ошондуктан жакында коё беришет деп үмүттөнүп жатабыз. Орусиянын бийлиги буга чейин бир нече жолу биздин активисттерди кармап, Душанбеге өткөрүп берген. Ошентсе да Европага караганда Орусияда тарапташтарыбыз кыйла көп», — деди ал.

Эмомали Рахмон 24-июнда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышты. Бул анын коронавирус пандемиясы башталгандан берки алгачкы чет өлкөлүк сапары болду.

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү буга чейин Рахмондун Прагага жана Парижге жасаган сапарлары маалында да нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар Тажикстандын бийлигин саясий эркиндикти чектегендиги жана оппоненттерин куугунтуктагандыгы үчүн сындап келишет.

«Группа-24» – 2012-жылы Москвада түзүлгөн коомдук-саясий кыймыл. 2015-жылы январда анын негиздөөчүсү, тажик оппозиционери Умарали Кувватов Стамбул шаарында киши колдуу болгон. 2014-жылы Тажикстандын соту «Группа-24тү» «экстремисттик» деп таап, ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Количество просмотров: 335