• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Муфтий баланы эненин атына каттоо боюнча комментарий берди

4 Теке 2023 18:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баланы эненин атына каттоо боюнча пикирин билдирди.

«Ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат. Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген. Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат. Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө балдардын майып төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт. Ыйык Куран баланы өз атасынын аты менен чакырууну насаат кылат. Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! «Кыргызда кыздын аты улук» деп тегин жерден айтылбаган. Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык. Матчествого өтүү баланын психологиялык жактан травма алышына, коом тарабынан басмырланышына алып келет. Биз мусулман катары, жаран катары балдарыбызды аяп-кастарлап, ар кандай күмөндүү кыймылдарга салып берүүдөн сактанышыбыз керек. Мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 224