Бүгүн, 15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Ошондой эле аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары да эмдөөдөн өтүштү.
Кечээ, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва чыгарган.