Белгилүү теолог Кадыр Маликов Кыргызстандын муфтийинин орун басарлыгынан кетүү тууралуу арыз жазды. бул тууралуу ал Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, Маликов Кыргызстандын муфтийинин орун басары болуп 2020-жылдын 21-августунда дайындалган.
Кадыр Маликов 49 жашта. Ал 2005-жылы Испанияда «Complutense de Madrid» университетинин атайын курсунан билимин жогорулатып, эки жылдан соң Испаниянын «Autonoma» унвиверситетинен докторлук даражага ээ болгон.
Маликов 2017-жылдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, президенттин эксперттик кеңешинин мүчөсү, «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору болуп эмгектенип келген.