• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Муфтият бычак жеген молдодон баш тартты

1 Жалган куран 2018 11:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2018.Govori.TV

Өзгөн районунун Кызыл-Маяк айылындагы бычак жеген молдо учурда муфтиятка да казыятка да тийешеси жок деп билдирди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан.

«Окуя мечиттин ичинде эмес, короосунда болгон. Ортодогу 400 сом чатактан улам 70ке барып калган мурда эки жолу соттолгон адам 2003-жылы имам болуп иштеген адамга бычак шилтеген экен. Бычак жеген адам учурда муфтиятка да казыятка да тийешеси жок. Кадимки эле жарандардын араздашуусу. Муфтият Ош облусунун казыятына мечитте мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча эскертүү берди»,-деди муфтияттын маалымат катчысы.

Эске салсак, Өзгөн районундагы мечитте аср намазы учурунда мурунку имам бычакталган. Бул тууралуу бүгүн Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктаган.

Анын айтымында, окуя 26-февралда болгон. Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Милициянын баштапкы текшерүүсүнүн жыйынтыгына караганда мечиттеги чатак «зекеттен чогулган акчаны жеп койгонсуң» деген дооматтан улам чыккан.

Аср намазына келген 40 жана 64 жаштагы эки киши мушташа кеткен. 64 жаштагы жаран бычагын алып чыгып шилтеп жиберген.

Окуя Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Красный Маяк айылындагы мечитте болгон.

Ош облусунун казысы Самидин Атабаев бычакташкандар имамдык кызматка тиешеси жок экенин жана алардын бири мурда абакта камалып чыкканын билдирди. Ал эми мушташка себеп болгон талаштын зекетке тиешеси жок экенин айтты.

Учурда бычакталган жаран Ош облустук ооруканасында дарыланууда.

Количество просмотров: 2