• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Муфтият зыяратчыларды эмдөөдөн өтүүгө чакырды

30 Жалган куран 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып калышы мүмкүндүгүн эскертти.

Билдирүүгө ылайык, 2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлер Сауд Аравия королдугунун Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты талап кылынат жана ар бир ажылыкка баруучу талапкердин делосуна тиркелүүсү зарыл.

Муну менен катар төмөнкү дарылардын бирөөсү менен эмдөөдөн өткөндүгү боюнча сертификаты талап кылынат:

  • Pfizer-BioNTech,
  • AstraZeneca,
  • Moderna,
  • Janssen,
  • Sinopharma,
  • Sinovac,
  • Sputnik V,
  • Covaxin,
  • Nuvaxovid,
  • Covovax.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүнгөн.

Количество просмотров: 91