Олимпиада финалында боксчу Мунарбек Сейитбек уулуна эми Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу өзү секундант болот. Бул тууралуу Данияр Төлөгөн уулу өзү билдирди.
Эске салсак, Сейитбек уулу алтын үчүн финалдык күрөштө Өзбекстандын боксчусу Абдумалик Халоков менен беттешмей болгон.
Буга чейинки беттештерде Сейитбек уулуна өзбекстандык Акмаль Хасанов секундант болуп, жан тартып турган эле. Анын мамилеси көпчүлүктүн ичин жылытып, кыргызстандыктар ага алкыш айтышкан.