22-ноябрь күнү эртең менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргөн. Ал бул тууралуу социалдык тармакка видео жарыялап, кийинчерээк ал өчүрүлгөн.
Маалыматка ылайык, тинтүүнү Тергөө кызматынын кызматкерлери жүргүзүп, атайы ордер көрсөтүшкөн.
Ички иштер министрлиги тинтүү жүргүзүлгөнүн тастыктап, кененирээк маалымат берерин билдирген.