Кыргызстандын Орусиядагы жана Армениядагы мурдагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Кыргыз-орус славян университетине (КРСУ) биринчи проректор болуп дайындалды.
Анын талапкерлигин окуу жайдын Окумуштуулар кеңеши жактырган.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр майдын аягында кол койгон жарлыкка ылайык Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы жана Армениядагы элчиси кызматынан бошотулган.