Бишкек шаарында жайгашкан мурдагы Өкмөт үйүндө эвакуация жүрдү. Учурда ал имаратта ТИМ жана Экономика министрлиги жайгашкан.
Маалыматтарга ылайык, имаратка бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Мунун алдында эле дал ушундай эле кабардан улам «Манас» эл аралык аэропортунда эвакуация иши жүргөнү кабарланган.
Компаниянын маалыматы боюнча, бомба коркунучу тууралуу аэропортко саат 11:15те кабарланган.
«Кызматтар эл аралык коопсуздук протоколдоруна ылайык иш алып барышты. Бул аэропорттун ишине же каттамдарды каттоого таасир эткен жок», — деп билдиришкен компания.