• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мыйзамсыз акча алмаштырган 9 жаран айыпка жыгылды

14 Баш оона 202417:35 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган 9 жаранга айып салды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын тогуз жаранынын (М.Б.Б., А.Э.М., С.Э.Б., М.у.Р., Б.М.А., И.Н.Ч., К.у.Д, А.Н.А., С.у.Б.) ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Количество просмотров: 87