Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн Кыргызстандын С.С.А., Ж.Т.Ж. аттуу жарандарына 17 500 сомдон айып салынды.