• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нариман Түлеев Атамбаев кызмат бергенде баш тартканын жазып чыкты

6 Бештин айы 2017 10:21 Бишкек Govori.TV

Достор! Мени колдогон, менин оюмду кубаттагандардын баардыгына ыраазычылык билдирем. Тилеке каршы биздин өлкөдө өтө кыска ойлонгон адамдар жетиштүү. Алар өзүнүн маселеси  үчүн башка бирөөлөрдү күнөөлөйт, таарынат. Бирок эч качан өзүнөн көрбөйт. Мен комментарийлерден тиги же бул саясатчыларды колдогондорду көрүп жатам. Өзүм болсо Өмүрбек Текебаевди колдоп, үй-бүлөсүнө колдон келген жардамымды берип жатам.  Мен эч качан фейк аккаунттун артына жашынбайм! Эч качан коркпойм. Ачык эле айтам. Анткени мен дагы эркимден ажырап, ушул жолду басып өткөм жана эч кимге мындай нерсени каалабайм.

Эгер Бабанов кыйын абалга кабылса, ага жана анын жакындарына жөн гана адамгерчилик үчүн  жардамымды берем. Мен бул нерседен коркпойм. Себеби кимдир бирөө менен мамиле түзгөндүгүң үчүн жазалаганга болбойт.

Мени бийлике жете албай жүрөт деп каралаганга аракет кылып жатышат. Мен 2011-жылы ал жакта болгом.  Атамбаев КСДП нын квотасы менен мага транспорт министри, вице-премьер-министр бол деп сунуштаган.  Буга Бабанов күбө. Бирок мен баш тарткам.

Бийлике жетүу менин негизги максатым эмес. Бийлик бул мен үчүн ырахат же кирешенин булагы эмес. Мени үчүн бийлик,  биринчи кезекте элиме кызмат кылуу. Өлкөнү жакшы жака оңдоого берилген мүмкүнчүлүк. Эл жана Бишкек шаарынын жашоочулары мен жана менин жамаатым шаардын көркүн ачканга кандай аракет кылганыбызды унута элек. Мен баардыгын айтп отурбайм. Анткени баардыгы элдин эсинде.

Албетте мен келечекте  саясатка келбейм деп айтпайм. Бирок элге кызмат кылыш жана өлкөмө пайда алып келиш үчүн гана келем.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин элдин аң-сезими жетилип, радикалдуу реформаларга даяр болуп калат. Ошондо гана мен кайтып келип,  максаттарды ишке ашырам. Анда биздин өлкө таптакыр башкача болот. Себеби менде өзгөчө принциптер жана ыкмалар бар. Ошондо азыр жыргап жүргөн чиновниктерге, сотторго, укук коргоо органдарына кыйын эле болот. Себеби Кыргызстан баардык тармагынан өнүгүү жолуна түшөт.

Биз сиздер менен бирге өнүккөн, адилеттүү жана күчтүү экономикасы бар, заманбап принциптер менен башкарылган  өлкө курабыз. Бул нерсенин баардыгы аз убакыттын ичинде гана ишке ашат.

Мен азыр эс алып жатам.  Жашоо кыска. Ошондуктан азырынча убакытымдын көпчүлүк бөлүгүн үй-бүлөмө жана жакындарыма арнап жатам. Саякаттап, башка өлкөрдүн тажрыйбасы менен таанышып жатам. Жаңы долбоорлор тууралу ой жүгүртүп жатам. Анын баары менен жакында таанышасыңар. Мен баарына ыраазымын.  Мен башымдан көп нерсени кечирген үчүн философиялык ой-жүгүрткүдөй эле болдум.  Үй-бүлөм менен чогуу тапкан активдеримден айрылганым үчүн кайгырган жокмун. Адилеттүүлүк орноп, баардыгы өз ордуна келип, кунөөлүүлөр жазаланаарына 200 пайызга ишенем.

Мага сунушталган кызматка кайрылсам. Дагы бир жолу кайталайм, Алмазбек Атамбаевди сындасак болот, жамандасак болот. Бирок анын тарыхый кадамдарын тана албайбыз. Мен анын президент болуп тургандагы ишмердүүлүгү тууралуу эч нерсе айткан жокмун. Себеби тийиштүү бааны мен бербейм, тарых берет. Мен анын элге кайрылып, кечирим сураганын гана айтам.  Ал туура иштерди кылдыбы же туура эмес иштерди  кылдыбы башка маселе. Бирок кечирим сураш баардыгынын колунан келе бербейт. Бул жагынан алганда баатыр деген наамдын татыктуу ээси болду.

Количество просмотров: 9