Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Бариер Адиев эки айга тергөө абагына камака алынды. Мындай чечимди Октябрь райондук сотунун судьясы Аман Сариев чыгарды.
Эскерте кетсек мурдагы күнү интернетке байкоочу камеранын тасмасы жарыяланган. Ал жерде атасы музга тайгаланып жыгылыган кичинекей наристени ичке тепкени тартылып калган. Коомчулук бул видеодогу адамды таап, жазалоо талабын койгондон кийин, Улан 2 кичирайонунун тургуну кармалган.
Кийинчерээк ал Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Бариер Адиев экени аныкталды. Тепки жеген өзүнүн эки жарым жаштагы Эльхан деген баласы болуп чыкты. «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Бариер Адиев 48 саатка камака алынган.