• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарын районунундагы «Бугу-марал питомнигин» Жалал-Абадка көчүрүү чечиле элек (видео)

2 Кулжа 2018 14:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.06.2018.Govori.TV

Нарын районунун Таш-Башат айылындагы Ийри-Суу жайлоосунда жайгашкан «Бугу-марал питомнигиндеги» жаныбарларды Жалал-Абадга көчүрүү чечиле элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы Майрамбек Өмүрбаев билдирди

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда жалпы 350-370 баш, анын ичинде бул корукта 21 баш бугу-марал бар. Жарым колдо өсүп, кышкысын ноябрдан-апрелге чейин рацион боюнча чөп-жем берилип турат.

«Жарым колдо кармап, кышкысын багып турабыз. Жаратылышка дагы көнүп калган. Буларды кармап же болбосо камап, башка жакка көчүрүү абдан көп түйшүктү жаратат.Эгер Жалал-Абадга көчүрсө, ал жактан кандай болот билбейм»-дейт питомниктин башчысы Курманбек Көлбаев

Белгилей кетсек, буга чейин бул жаратылыш корукту Жалал-Абадка көчүрөрү айтылып жаткан.

 

Количество просмотров: 52